Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясы

Учредителдик чогулуш токтом кылат:

I.

1. Россия—Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтеринин республикасы деп жарыяланат. Борбордо жана жер-жерлерде бүткүл бийлик ушул Советтерге таандык.

2. Россия Советтик республикасы эркин улуттардын эркин союзунун негизинде Советтик улуттук республикалардын федерациясы катарында түзүлөт.

II.

Адамды адам эксплуатациялоонун ар кандайын жоюуну, коомдун таптарга бөлүнүшүн толук жоюуну, эксплуататорлордун каршылык көрсөтүүлөрүн аёосуз түрдө басып-жанчууну, коомдун социалисттик негизде уюмдашуусун жана социализмдин бардык өлкөлөрдө жеңип чыгуусун өзүнүн негизги максаты кылып коюп, Учредителдик чогулуш андан ары мындай деп токтом кылат:

1. Жерге болгон жеке менчик жоюлат. Бүткүл жер, бүткүл курулуштары, курал-шаймандары жана айыл чарба өндүрүшүнө таандык болгон башка мүлктөрү менен бирге эмгекчи элдин энчиси деп жарыяланат.

2. Эмгекчи элдин эксплуататорлордун үстүнөн болгон бийлигин камсыз кылуу максатында жана фабрикалардын, заводдордун, кендердин, темир жолдордун жана башка өндүрүш каражаттарынын жана транспорттун жумушчу-дыйкан мамлекетинин менчигине толук өтүшүнүн биринчи кадамы болгон жумушчу контролу жөнүндөгү жана Эл чарбасынын жогорку совети жөнүндөгү советтик закон кубатталат.

3. Эмгекчи массаларды капиталдын эзүүсүнөн бошотуу шарттарынын бири катарында бардык банкалардын жумушчу-дыйкан мамлекетинин менчигине өтүшү кубатталат.

4. Коомдун паразиттик катмарларын жоюу максатында жалпыга бирдей эмгек кылуу милдеттүүлүгү киргизилет.

5. Эмгекчилер массасын толук бийликке ээ кылуу жана эксплуататорлордун бийлигинин кайра орношунун ар кандай мүмкүнчүлүгүн жоюу максатында эмгекчилерди куралдандыруу, жумушчулардын жана дыйкандардын социалисттик кызыл армиясын уюштуруу жана мүлктүү таптарды толук куралсыздандыруу декреттелет.

III.

1. Учредителдик чогулуш бардык согуштардан да эң кылмыштуу болгон азыркы согушта жерди кан менен жууган финансылык капиталдын жана империализмдин чеңгелинен адам баласын куткарууга катуу чечкиндүүлүктү көрсөтүп, жашырын договорлорду үзгүлтүккө учуратуу үчүн, азыр өз ара согушуп жаткан армиялардагы жумушчу жана дыйкандардын эң кеңири түрдө боордошууларын уюштуруу үчүн жана, кандай гана болбосун, революциялык чаралар менен улуттардын эркин түрдө өз тагдырын өзү чечүү негизинде, элдердип ортосунда аннексия ларсыз, контрибуцияларсыз демократиялык тынчтыкка жетишүү учүн Совет бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка толук кошулат.

2. Учредителдик чогулуш ушул эле максаттарды көздөп, буржуазиялык цивилизациянын варвардык саясатынан толук кол үзүүнү талап кылат, анткени, бул саясат бир аз гана тандамалуу улуттардын эксплуататорлорунун жыргалчылыгы Азиядагы, жалпысынан алганда колониялардагы жана кичине өлкөлөрдөгү. жүздөгөн миллион эмгекчи калкты кулга айландыруунун негизинде түзүлгөн.

Учредителдик чогулуш, Финляндиянын толук көз каранды эместигин жарыялаган, Персиядан аскерлерди чыгара баштаган, Армениянын өз тагдырын өзү чечүү эркиндигин жарыялаган Эл Комиссарлар Советинин саясатын куттуктайт.

3. Учредителдик чогулуш падышанын, помещиктердин жана буржуазиянын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн заёмдорду жоюу (жок кылуу) жөнүндөгү советтик законду эл аралык банкылык, финансылык капиталга каршы биринчи сокку катарында карайт жана капиталдын эзүусүнө каршы эл аралык жумушчулар көтөрүлүшүнүн толук жеңишине чейин Совет бийлиги ушул жол менен кыйшаюусуз барат деп ишенет.

IV.

Элдин бүткүл массасы эксплуататорлорго каршы али көтөрүлүп чыга албаган кезде, эксплуататорлор өздөрүнүн таптык привилегияларын коргоодо каршылык көрсөтүүлөрүнүн бүт күчүн билбеген кезде, эл социалисттик коомду түзүүгө практика жүзүндө али кирише элек кезде, Октябрь революциясына чейин түзүлгөн партиялык тизмелердин негизинде шайланган Учредителдик чогулуш өзүн Совет өкмөтүнө каршы коюуну, формалдуулук көз карашынан алганда да, туп-тамырынан бери натуура деп эсептээр эле.

Ал эми чындыгында Учредителдик чогулуш, азыр элдин өзүн эксплуатациялоочуларга каршы болгон акыркы күрөшүнүн моментинде,—бийликтин эч бир органында эксплуататорлорго орун болбоого тийиш деп санайт. Бийлик толугу менен жана бут бойдон эмгекчилер массасына жана алардын полномочиелүү өкүлдүгүнө — Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтерине таандык болууга тийиш.

Учредителдик чогулуш, Совет бийлигин жана Эл Комиссарлар Советинин декреттерин колдоп, коомду социалисттик кайра түзүүнүн түпкү негиздерин орнотуу менен өзүнүн милдеттерин аяктайт деп эсептейт.

Ошону менен бирге Учредителдик чогулуш Россиядагы бардык улуттардын эмгекчи таптарынын чыныгы эркин жана ыктыярдуу, демек, ошончолук тыкыс жана бекем союзун түзүүгө умтулуп, ар бир улуттун жумушчуларына жана дыйкандарына өздөрүнүн полномочиелүү советтик съездинде федералдык өкмөткө жана башка советтик федералдуу мекемелерге катышууну каалашабы-жокпу жана кандай негизде катышууну каалаша тургандыктары жөнүндө өзүнчө чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берип, Россиянын Советтик республикаларынын федерациясынын негизги башталмаларын орнотуу менен өз милдетин чектейт.

Чыгармалар, кыргызча басылышы, 26-том, 456—458-бетте

1918-жылдын январынын башында жазылган. 1918-жылы 4(17)-январда беттер. «Правда» газетасынын 2-жана «БАКтын Известиясынын» 2- саядарында басылган.