Карл Маркстин илиминин тарыхый тагдыры

Маркстин илиминдеги эң башкы нерсе, бул — социалисттик коомду түзүүчү катарында пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый ролун ачуу болуп саналат. Бул илимди Маркс баяндагандан кийин бүткүл дүйнөдөгү окуялардын жүрүшү ал илимди ырастадыбы, жокпу?

Маркс бул илимдн биринчи жолу 1844-жылы жазып чыккан болучу. Ал эми Маркс менен Энгельстин 1848-жылы чыккан «Коммунисттик манифести» болсо бул илимди бир бүтүн, системаланган илим катарында баяндаган эле, бул баяндоо ушул убакка чейин эң жакшы баяндоо болуп кала берүүдө. Ошол убактан берки бүткүл дүйнөлүк тарых ачык негизги үч мезгилге бөлүнөт: 1) 1848-жылдагы революциядан тартып Париж Коммунасына чейин (1871); 2) Париж Коммунасынан тартып орус революциясына чейин (1905); 3) орус революциясынан кийин.

Маркстин ушул мезгилдердин ар бириндеги илиминин тагдырына көз чаптыралы.

Биринчи мезгилдин башталышында Маркстин илими такыр эле үстөмдүк кылган эмес. Ал — социализмдин өтө эле көп сандаган фракцияларынын же агымдарынын бири гана болгон. Негизинен социализмдин биздин народничествого тектеш болгон формалары: тарыхый кыймылдын материалисттик негизин түшүнбөөчүлүк, капиталисттик коомдогу ар бир таптын ролун жана маанисин ажырата билбөөчүлүк, демократиялык кайра түзүүлөрдүн буржуазиялык маңызын «эл», «адилеттик», «укук», жана ушул сыяктуулар жөнүндөгү соцаалисттик имиш болгон ар түрдүү фразалар менен жаап-жашыруучулук гана үстөмдүк кылган.

1848-жылдагы революция Маркске чейинки социализмдин бүткүл ушул чуулгандуу, ар түрдүү, кызыл кекиртекчил формаларына өлтүрө сокку урат. Бардык өлкөлөрдөгү революция коомдун ар түрдүү таптарынын аракеттенип жатканын көрсөтөт. 1848-жылдын июнь күндөрүндө Парижде республикалык буржуазия тарбынан жумушчулардын атылышы, жалгыз пролетариаттын гана социалисттик жаратылышын биротоло аныктайт. Пролетариаттын өз алдынчалыгынан либералдык буржуазия кандай гана реакцияга караганда жүз эсе көбүрөөк коркот. Коркок либерализм реакциянын алдында кол куушурат. Дыйкандар феодализмдин калдыктарын жок кылууга канааттанышат жана жумушчу демократиясы менен буржуазиялык либерализмдин ортосунда анда-санда олку-солкулукту көрсөтүшүп, тартиптин тарабына өтүшөт. Таптык эмес социализм жөнүндөгү жана таптык эмес саясат жөнүндөгү бардык илимдер кургак сөз болуп калат.

Париж коммунасы (1871) буржуазиялык кайра түзүүнүн бул өнүгүшүн аяктайт; республика, башкача айтканда, таптык мамилелер көбүрөөк ачык формада көрүнгөн мамлекеттик түзүлүш өзүнүн чыңалышы менен пролетариаттын баатырлыгына гана милдеттүү.

Европалык бардык башка өлкөлөрдө көбүрөөк чиеленген жана азыраак аягына чейин жеткирилген өнүгүү ушул эле калыптанган буржуазиялык коомго алып келет. Биринчи мезгилдин аягына (1848—1871), бороондор менен революциялардын мезгилинде Маркса чейинки социализм өлөт. Өз алдынча пролетардык, партиялар: биринчи Интернационал (1864—1872) жана германиялык социал-демократия туулат.

Экинчи мезгил (1872—1904) биринчи мезгилден «тынчтык» мүнөз менен, революциялардын жоктугу менен айырмаланат. Батыш буржуазиялык революцияларды аяктады. Чыгыш болсо али аларга өсүп жеткен жок.

Батыш келечекте боло турган кайра түзүүлөрдүн дооруна даярдануунун «тынчтык» тилкесине кирет. Бардык жерде өзүнүн негизи боюнча пролетардык болгон социалисттик партиялар түзүлө баштайт, бул партиялар буржуазиялык парламентаризмди пайдаланууга, өздөрүнүн күндөлүк прессасын, өздөрүнүн агартуу мекемелерин, өздөрүнүн профессионалдык союздарын, өздөрунүн кооперативдерин түзүүгө үйрөнүп жатышат. Маркстин илими толук жеңишке ээ болот да, кеңири жайылууга өтөт. Пролетариаттын күчтөрүн тандоо жана чогултуу процесси, аны келечектеги салгылашууларга даярдоо процесси акырындык менен, бирок кыйшаюусуз түрдө илгери карай жылат.

Марксизмдин теория жагынан жеңиши анын душмандарын марксисттерге түспөлдөшүүгө аргасыз кылат, тарыхтын диалектикасы ушундай. Ичинен чириген либерализм өзүн социалисттик оппортунизм түрүндө жандандырууга аракеттенет. Улуу салгылашуулар үчүн күчтөрдү даярдоо мезгилин алар бул салгылашуулардан баш тартуу маанисинде түшүндүрүшөт. Жалданма кулчулукка каршы күрөшүү үчүн кулдардын абалын жакшыртууну оппортунисттер, кулдардын эркиндикке карата болгон өз укуктарын беш тыйынга сатуу маанисинде түшүндүрүшөт. «Социалдык тынчтыкты» (башкача айтканда, кул ээлөөчүлүк сакталган тынчтыкты), тап күрөшүнөн баш тартууну жана ушул сыяктууларды коркоктук менен үгүттөшөт. Социалисттик парламентарийлердин, жумушчу кыймылынын ар түрдүү чиновниктеринин жана «тилектеш» интеллигенциянын ичинде алардын эң көп жактоочулары бар.

Оппортунисттер «социалдык тынчтык» менен, «демократиянын» убагында бороондордун зарылдыгынын жоктугу менен мактанып бүтүшө электе эле Азияда дүйнөлүк өтө зор бороондордун жаңы булагы ачылды. Орус революциясынын артынан Турция, Персия, Кытай революциялары башталды. Биз азыр так эле ушул бороондордун жана алардын Европага «кайта таасир кылып жаткан» доорунда жашап турабыз. Ага азыр ар түрдүү «цивилизациялашкан» гиеналар тиштерин кайрап жаткан улуу Кытай республикасынын тагдыры эмне менен бүтпөсүн, бирок дүйнөдөгү эч кандай күчтөр Азияда эски крепостничествону калыбына келтире алышпайт, азиялык жана жарым азиялык өлкөлөрдөгү эл массаларынын баатырдык демократизмин жер жүзүнөн шыпырып таштай алышпайт.

Европадагы капитализмге каршы чечкиндүү күрөштү узакка кечиктирүү массалык күрөштү даярдоо жана өнүктүрүү шарттарына көңүл бурбаган кайсы бир адамдарды үмүтүн үзүүгө жана анархизмге чейин жеткирди. Биз, азыр, анархисттик үмүт үзүүнүн сокурдугун жана коркоктугуи көрүп отурабыз.

Сегиз жүз миллион эли бар Азиянын ошол эле европалык идеалдар үчүн күрөшкө тартылуу фактысынаи үмүт үзүүнү эмес, кайраттуулукту сузуп алуу керек.

Азиялык революциялар либерализмдин баягы эле бош мүнөздүгүн жана карасанатайлыгын, демократиялык массалардын өз алдынча болушунун баягы эле өзгөчө маанисин, ар кандай буржуазиядан пролетариаттын айкын-ачык түрдө баягы эле бөлүнүшүн бизге керсөттү. Европанын да, Азиянын да тажрыйбасынан кийин кимде-ким тапсыз саясат жөнүндө жана тапсыз социализм жөнүндө айтса, аны жөн эле тордун ичине отургузуп, австралиялык кандайдыр бир кенгуру менен катар коюп көрсөтүү керек.

Азиянын артынан — бирок азияча эмес — Европа да козголо баштады. 1872—1904-жылдардагы— «тынч» мезгил кайталанбай турган болуп түбөлүккө жок болду. Кымбатчылык жана тресттердин эзүүсү, Англиянын либерализм менен өтө бузулган жумушчуларын да ордунан козголткон экономикалык күрөштүн эч убакта болуп көрбөгөндөй курчушун пайда кылып жатат. Биздин көз алдыбыздан өтө эле «таштай бек» буржуазиялык-юнкердик өлкөдө, Германияда да, саясий кризис жетилип отурат. Империализмдин кутургандай куралданышы жана саясаты ушул убактагы Европадан ок-дары салган бочкага көбурөөк окшогон «социалдык тынчтыкты» түзүүдө. Ал эми бардык буржуазиялык партиялардын бузулушу жана пролетариаттын бышып жетилиши кыйшаюусуз алга карай бара жатат.

Марксизм пайда болгондон кийин бүткүл дүйнөлүк тарыхтын үч улуу доорунун ар бири ага жаңы ырастоолорду жана жаңы триумфтарды алып келди. Бирок келечектеги тарыхый доор, пролетариаттын илими катарында, марксизмге дагы чоң триумфтарды алып келет.

«Правда» № 50 1913-ж.